Өткөн жылы Кыргызстанда 88 өспүрүм өз жанын кыйган

Кыргызстанда 2021-жылы 88 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу журналисттерге ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгынын башчысы Нуржан Адылова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы 98 учур катталган. «2019-жылы 62 өспүрүм өз жанын кыйган, 2020-жылы — 98, 2021-жылы 88. 2022-жылы бир бала өз жанын кыйган. 2021-жылы суициддердин көбү Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган. Быйылкы жылы Ош шаарында болгон акыркы окуя боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция 13 жаштагы баланын өз жанын кыйган себептерин иликтеп жатат», — деди ал.