Өткөн жылы скутер катышкан 13 кырсык катталып, бир учуру өлүм менен аяктаган

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов тарабынан демилгеленип жаткан Ысык-Көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизип жаткан скутерлерге тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өттү.
Коомдук талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Ички иштер министрлиги өңдүү бир катар тиешелүү тармактын адистери катышты. Андан тышкары, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү өкүлү, бир катар экология жаатындагы эксперттер жана жарандык активисттер катышты.
Демилгечи депутат Эльдар Сулайманов жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы мыйзам долбоорун демилгелөөгө түрткү болгонун билдирди. «Андан сырткары, скутерлер көлдүн экологиясына дагы терс таасирин тийгизип жатат. Атап айтсак, күйүүчү жана майлоочу майдын калдыктары көлдүн суусуна аралашып жатканы жалган эмес. Андыктан, Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин эс алуу же спорттук багытта пайдаланса, чоң суммада айып пул салуубуз кажет», — деди депутат.
Талкуу маалында жыйындын катышуучулары скутерлер көлдө узак убакыт жүргөндүктөн андагы эс алуучуларга кооптуу абал жаралып жатканын белгилеп, ошону менен бирге экологияга тийгизген терс таасирин эске алуу менен мыйзам долбоорун колдоого алышты. Деген менен жыйында туристтик сезондо аталган суу транспортун иштетип жан баккан ишкерлердин жагдайы тууралуу да кеп козголду.
Ички иштер министрлиги болсо өткөн жылы эс алуучу жайларда суу мотоциклдери катышкан 13 кырсык катталып, бир учуру өлүм менен аяктаганын билдирди. Маалым болгондой, учурда 146 скутер расмий каттоодо турат. Көз карандысыз эксперттердин айтымында каттоодон өтпөгөн дагы 300гө чукул суу мотоциклдери бар.