Өтмөк ашуусундагы асфальт иштери толук аяктады

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12-17-чакырымдарынын аралыгындагы 5 чакырымдык тилкеге асфальт төшөө иштери толук аяктады. Учурда жол жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат.
Жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздоо максатында жол белгилерин чийүү иштери пландалууда. Жол куруу жумуштарын №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү. Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлү астында жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө жана сапат талаптарына ылайык бүткөрүлдү.