Өтмөк ашуусундагы унаа жолго асфальт-бетон төшөлдү

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 23-24-чакырымдарында, Өтмөк ашуусунда асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу иштери аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

«Кыргыз авто жол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 23-24-чакырымында көлөмү 125 чарчы метр болгон асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу иштери аяктады. Ошондой эле 70 чарчы метр аянтты аң-чөнөктөрдү жамоо үчүн даярдоо иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.