Өтүк кийип, күрөк кармап… Ташиев классташтары менен өзү окуган мектепте бак тикти

Бүгүн, 7-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңыдан курулуп жаткан Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатына барды. Курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Камчыбек Ташиев бул мектеп-интернатында чогуу окуган классташтары жана мугалими менен бирге, мектеп-интернаттын жаңы аймагына бак-дарак тигишти. Мектеп-интернат үчүн 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана курулуп жатат. Учурда эки объектинин курулушу иштери 70 пайызга аткарылган. Камчыбек Ташиев бул окуу мекемесинин курулушун келээрки жылга аяктап, пайдаланууга берүү тапшырмасын койгон.

Билим уясында өзүнчө спорт, волейбол аянтчалары, актовый зал жана башка керектүү жайлары менен курулууда. Учурда объектиде ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Мектеп 324 миллион сомго бааланган. Ал эми 500 орундуу жатакана 4 кабаттан туруп, жатып окууганга бүт шарттар тузүлөт. Жаңы имарат куруу тапшырмасы президент Садыр Жапаров тарабынан берилген. Камчыбек Ташиев бул тапшырманы ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алган.

Бул Ош шаарындагы социалдык жактан аз камсыз болгон балдарды тарбиялаган жалгыз мектеп-интернаты. Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаты 1964-жылдан тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ага, советтик туңгуч космонавт айым Валентина Терешкованын ысымы ыйгарылган. Камчыбек Ташиев ушул мектеп интернатында билим алган.