«Өз алдынча дем ала албай жатат». Альбуцид тамчысын колдонгон соң ооруканага түшүп калган 2 айлык наристенин абалы маалымдалды

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мындан 2 күн мурда 2 айлык наристенин атасы кайрылып, бейтапканада иштеген дарыгердин айынан баласы оор абалда ооруканага түшүп калганын айткан. Анын айтымында, нөөмөттөгү дарыгер альбуцид деген дары жазып берген. Ошол дарынын мурдуна куйган соң, абалы начарлап баштаган. «Бизге жазган негизи көздүн дарысы экен, бизге мурунга жазып берген» деген атасы.

Бүгүн, 18-октябрда редакция атасы менен байланышканыбызда, наристенин абалы оор болуп жатканын айтты. «Абалы кечээги күндөгүдөй эле оор болуп жатат. Ооруканага жаңы түшкөндө өз алдынча дем алып, энесин эмип жаткан. Азыр сүттү түтүкчө менен берип, аппарат менен дем алдырып жатышат. Оорукананын башкы дарыгери менен сүйлөшсөм, абалынын начарлашына альбуцид тамчысы таасир бериши мүмкүн экенин айтты. Ал уулумда пневмониянын алгачкы белгилери болгон болсо, тамчыны тамчылатканда реакция болуп, күчөп кеткенин айтты», — деди атасы.