«Өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат». Милиция жолдогу кайырчылык кылган жарандарга акча бербөөгө чакырды

Кайгуул кызматы айдоочулардан жолдогу кайырчылык менен алек болгон жарандарга акча бербөөгө чакырат. Көпчүлүгү бирөөнүн атын жамынып, алдамчылык менен алектенип жаткандыктары аныкталууда. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

«Акыркы күндөрү оорулуу балдарды операция кылганга жардам сурап көчөлөрдө акча чогултуп жүргөн улан-кыздар көбөйдү. Алар унаалардын каттамы көп жерлерде туруп алышып, айдоочуларга тоскоолдук жаратышып, ошону менен бирге өз өмүрлөрүнө да коркунуч келип жаткандыгын билишей, тобокелчилик менен иш алып барышууда.

Буларды иштетүүнү уюштуруп жаткан адамдардын айрымдары өз кызыкчылыктары үчүн да иштетип жаткандыктары аныкталууда. Мисалы, видео тасмадагы Ажара аттуу кичинекей кыз Түркияга барып дарыланып келгенине эки жумадан ашкан. Ошого карабастан, уюштуруучулар тарабынан акча чогулдуу иштери уланып жаткандыгы аныкталган. Азыркы учурда тилемчиликти күнүмдүк жумушуна айландырган кайырчылар дейбизби же ыктыярчылар дейбизби айтор кайгуул кызматы тарабынан текшерилип, аларды жолдордон тазалоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.