Өзбекстан-Кыргызстан автобустук каттамдары жанданат

Өзбекстан-Кыргызстан автобустук каттамдары жанданат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 8-декабрда Ферганада Өзбекстандын вице-премьер-министри, инвестициялар жана тышкы соода министри менен Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучунун жолугушуусу болуп өткөн. Анда эки өлкө ортосундагы каттамдарды жандандырууну тездетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Эске салсак, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуу март айында пандемияга байланыштуу карантиндик режим киргизилгендиктен токтотулган.