Өзбекстан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гумжардам жөнөттү

Кечээ, 3-июль күнү Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирилди.

Өзбекстандын ӨК министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардамды ӨК министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды.

Гумжардамда ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка тамак-аш азыктары бар.