Өзбекстанда аткаминерлер балдар үйүндөгү өспүрүм кыздарды зордуктап жүргөн окуя. Айыпталуучулардын саны көбөйүшү мүмкүн

Кылмыш иштери боюнча Ташкент шаардык сотунун апелляциялык инстанциясы Ургенчтеги балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен жыныстык катнашка барган деп соттолгон эки мурдагы аткаминердин кылмыш ишин кошумча тергөө үчүн прокурорго кайтарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Иш кылмыш иштери боюнча Ташкент шаардык сотунун апелляциялык инстанциясында кайрадан жабык эшик артында каралат. Отурумда прокурор соттолуучуларга жаңы айыптоо боюнча кылмыш ишин ачуу жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн ишти кайра кайтарууну өтүндү.

Апелляциялык сот өтүнүчтү канааттандырып, Айбек Машарипов менен Анвар Курязовдун кылмыш ишин кошумча тергөө үчүн Хорезм облусунун прокурорунун орун басарына кайтарды. Сот тарабынан ишти кароо бир айга токтотулду.

 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын облустарынын биринде сот отуруму болуп, анда жергиликтүү балдар үйүнүн башчысына, облустук юстиция башкармалыгынын башчысына жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына козголгон иш каралган. 

«Аткаминерлер балдар үйүнүн жашы жете элек кыздарын зордуктап жүргөн. Ал эми балдар үйүнүн жетекчиси шериктик кылган. Үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө мамлекеттин камкордугуна алынган кыздар катуу жазага тартылып, тамак-ашынан ажыратылып, чоң кишилер менен жыныстык катнашка барууга мажбурланган», — деп айтылган билдирүүдө.

ЖМКлардын жазганына караганда, кыздар балдар үйүндө, башка жерлерде, юстиция башкармалыгынын жетекчисинин кызматтык батиринде «кызмат» көрсөтүүгө аргасыз болушкан. Бул окуя 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланып, коомчулукка эми гана жарыяланып жатат. Факт мурда эле белгилүү болгон жана аткаминерлердин соту жабык өткөн. Айыпталуучулар сотто кыздар интимге өз каалоолору менен барганын, аларды эч ким кыйнабаганын айтышкан. Соттун чечими менен 1,5 жылга үй камагына алынган. Ал эми балдар үйүнүн жетекчиси 5 жылга кесилген.