Өзбекстанда менчик клиникада жарылуу болуп, кыргызстандык аял көз жумду

11-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы «Зитерия» менчик дарылоо-диагностикалык борборунда газ-аба аралашмасы жарылып, кыргызстандык жаран көз жумду. Бул тууралуу ТИМден билидиришти.

Маалыматка караганда, «Зитерия» борборунда газ-аба аралашмасынын жарылышынан улам 1966-жылы төрөлгөн Кыргыз жараны каза болгон. Анын сөөгүн жакын туугандары Кыргызстанга алып келишти.

«Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин көзөмөлүндө турат», — деп айтылат маалыматта.