Өзбекстанда окуусу толук кыргыз тилинде өткөн орто мектепке министр барды

Маданият министри Алтынбек Максутов Кыргызстан жана Өзбекстандын дипломатиялык кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган маданий иш-чаранын алкагында Ташкент облусунун Паркент райондук №33 окуусу толук кыргыз тилинде өткөн орто мектепте болду.

Министрдин жолугушуусу Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев менен бирге болуп, ага мектеп жетекчилиги жана билим алып жаткан окуучулар катышып чыгармалык баарлашуу форматында өттү. Алтынбек Максутов мектепке Чыңгыз Айматовдун кыргыз тилиндеги жарык көргөн жаңы китептерин тапшырып жатып, мындай жолугушуу абдан таасирдүү болгонун, кыргыз тилинде чыгармаларды дал өзүндөй кылып аткарган окуучуларга ыраазычылык айтып, кыргыз маданиятын сактоо жана өнүктүрүү максатында ар дайым мектеп менен байланышта боло тургандыгын белгилеп, окууларга жана мектепте тарбия берип жаткан окутуучулар курамына ийгилик каалап, бийик максаттарга жетүү үчүн, алдыга болгон умтулуу жана аракет күчтүү болуш керектигин белгиледи.

Жолугушуу учурунда мектеп окуучулары тарабынан чакан концерттик программага тартууланып, “Саманчынын жолу” чыгармасынан үзүндүү көрсөтүлдү. Аталган №33 мектеп, Кыргызоглы айылында жайгашкан.