Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 10 баш жылкы Кыргызстанга кайтарылды

УКМКнын Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусундагы чек арачылары Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен, Кыргызстандын жаранына таандык болгон 10 баш жылкыны кайтарып келишти. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузактагы Арал айылынын тургуну 17-ноябрда чек арачыларга кайрылып, жардам сураган. Анын айтымында, 14-ноябрда бир аз убакыт кароосуз калган жылкылардын үйүрү Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 баш жылкы баласы ээсине кайтарылды.