Өзбекстандын президенти КМШнын Ардак белгиси менен сыйланды

«Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев КМШнын Ардак белгиси ордени менен сыйланды», — деп билдирди президент Садыр Жапаров 13-октябрда Бишкекте өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында.

КМШнын Ардак белгиси Өзбекстандын президентине КМШны өнүктүрүүгө, КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы достукту, коңшулаштыкты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Шавкат Мирзийоев КМШнын Ардак белгиси сыйлыгын берүүнү демилгелеген Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.