Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда конокту Министрлер кабинетинин төрагасы тосуп алды.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.