Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет.

«Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда. Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. 

Шавкат Мирзийоев Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт», — деп айтылат маалыматта.