Өзүн УКМК кызматкери катары көрсөткөн алдамчылардан сак болуңуз. Мындай билдирүүнү УКМК таратты.
«Акыркы убакта алдамчылар жарандарга УКМК кызматкери катары өзүн тааныштырып телефон чалышууда. Алдамчылардын негизги максаты ар кандай манипуляция же коркутуу жолу менен жарандардын акча каражаттарын тартып алуу болуп саналат. Тактап айтканда, алдамчылар ачык маалымат булактарынан жабырлануучу тууралуу маалыматтарды чогултуп, андан кийин ага чалышат. УКМК кызматкеринин же тергөөчүнүн атын жамынып, анын бардык акчасы коркунучта экенин айтып, аны коопсуз эсепке которууга же кызматкердин жеткирүүчүсүнө накталай берүүгө көндүрүшөт
Айрым учурларда шылуундар жарандарды УКМКнын тергөө бөлүмүнөн экендиги жана аларга кылмыш ишин козгоону пландап жатканы менен шантаж кылып, иш козгобош үчүн алардын эсебине белгилүү бир сумманы которууну талап кылышат. Анткени, азыркы учурда дээрлик көпчүлүгү улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен коркушат жана мүмкүн болуучу куугунтуктоолордон кооптонуп, алдамчыларга акча каражаттарын шексиз которушат. Бул өзгөчө ар кандай мамлекеттик органдарынын жетекчилигине тиешелүү.
Заманбап технологиялар каалаган адамдын үнүн жасалмалоого мүмкүндүк берерин эске алып, алдамчылар ачык маалымат булактарында сүйлөгөн сөздөрүнөн үн үлгүлөрүн ала алышат. УКМК элди деструктивдүү күчтөрдүн алдамчылык аракеттерине ишенбөөгө чакырат жана зарыл болгон учурда УКМКнын төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылууга чакырат: (0312) 66-04-75, 62-65-04«, — деп жазылат билдирүүдө.