«Өзгөчө» балдарга сабырдуу мамиле кылууга үндөгөн видео жарыяланды

EverAbility командасы «өзгөчө» балдарга толеранттуу мамиле кылууга үндөгөн видео жарыялады.

«Апрель — аутизм жөнүндө маалымат берүүчү ай. Буга байланыштуу биз коомду өзгөчө муктаждыктары бар балдарга сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырган социалдык роликти чыгардык. Алардын ар бири өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүнө жана чектөөлөрүнө карабастан, толук жана социалдык интеграцияланган жашоо укугуна татыктуу. Биз алардын ата-энелери баласына татыктуу жашоону камсыз кылуу үчүн кандай оор учурларды баштан кечирип жатканын түшүнүшүнө аракет кылабыз», — деп айтылат маалыматта.