Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткенге барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусуна барып, жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте абалды жеке көзөмөлүнө алууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Министр жеринде жабыр тарткан элден кабар алып, калкты коопсуз жайларга жайгаштырууда жана аларды тамак-аш менен камсыздоодо, гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө, медициналык кызматтардын кечиктирилгис иш-аракеттеринин ыкчам аткарылуусун көзөмөлгө алууда. Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте ишке өттү.