Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эмдөөдөн өттү (сүрөт)

СOVID-19 илдетинен сактануу, алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрликтин жалпы эмгек жамааты менен биргеликте эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

“Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы эмдөө болуп саналат. Эмдөөдөн өтпөгөн адамдар өзүнө да, туугандарына да коркунуч жаратат. Илимий жактан дагы далилденди. Ошондуктан баарыңыздардын эмдөөдөн өтүшүңүздөрдү чакырып кетмекчимин”, — деди министр.