Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Орусияга барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Орусия өлкөсүнө иш сапар менен барды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажикеев Президент Садыр Жапаровдун жакын арада жасай турган иш сапарынын алкагында, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен маселелерди алдын ала талкуулоо үчүн барган.

Мындан улам бүгүн, 18-февралда эки өлкөнүн министрлери өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билим берүү тармактарында кыргыз куткаруучуларын даярдоо маселелерин талкуулашкан. Ага ылайык, жакынкы аралыкта кыргызстандык куткаруучулар жана суучулдар үчүн окутуу курстары каралаары сүйлөшүлгөн.

Ошондой эле Ажикеев Орусиянын туруктуу колдоосу үчүн жана Кыргызстан элине жиберип турган техникалык-гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Ал эми Орусиянын министри Евгений Зиничев Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Эл аралык жарандык коргонуу уюму аркылуу маселелерди илгерилетүүгө даяр экендигин айткан.