Өзгөчө кырдаалдар министри сел алган Кызыл-Кыяга барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келди. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Кечээ, 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам сел суулары келип, 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жер төлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна сел суулары кирген. Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министри шаар калкы менен жолугушуп, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берүү менен, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирди.

Катуу жааган жаандан кийин шаарда «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.