Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40 өрт өчүрүүчү унаа тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусияда өндүрүлгөн 40 өрт өчүрүүчү унаа түрүндө атайы техниканы тапшыруу аземине катышты. Иш-чарага Орусиянын Жарандык коргонуу иштери, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков катышты.

«Биздин өрт өчүрүүчү унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү татаал климаттык шарттарда өрттү натыйжалуу өчүрүүгө мүмкүндүк берет. Алар мегаполистердин шартында, айыл жергесинде жана тоолуу аймактарда өтө ыңгайлуу», — деди Александр Куренков.

Өрт өчүрүүчү цистерналар «КАМАЗ» унааларынын базасында 6000 литр суу багы жана 360 литр көбүк менен иштейт, насостун кубаттуулугу секундасына 40 литр сууну түзөт. Автоунаа ар кандай диаметрдеги 18 өрт түтүктөрү менен жабдылган. Мындан тышкары гидрант, арыктардан (көлмөлөрдөн) суу чогултуучу гидроэлеватор жана керектүү авариялык жабдуулар жана шаймандар бар. Ошондой эле өрт өчүрүүчү цистерна айыл жеринде жана тоолуу аймактарда өрттү натыйжалуу өчүрө турган ар кандай узундуктагы 3 тепкич менен жабдылган.