1-январдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыктары бир жарым эсеге көбөйөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Аталган минимтрликтин башчысы Бообек Ажыкеевдин айтымында, айлык акынын көтөрүлүшү бардык аскер кызматкерлерине тиешелүү.
«2022-жылдын 1-январынан тарта аскер кызматкерлери 50 пайызга жогорулатылган айлык акы ала башташат. Мындан тышкары алар жетиштүү деңгээлдеги форма менен камсыздалат. Март айынан баштап министрликте иштеген жарандардын айлыгы көтөрүлөт», — деди Бообек Ажыкеев.