Президент Садыр Жапаров Өзгөн айланма жолун курган бир катар кызматкерлерди «Даңк» медалы менен сыйлады.
Алар “Kyrgyz TREC International” консалтинг компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун инженери Узгенбай Ахматов жана “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коомунун кызматкерлери — Акпар Атабаев, Дабытбек Исираилов, Эмилбек Маңгиев, Максатбек Укубаевдер.
Эске сала кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тун уулу Таймурас Ташиевдин жогоруда аталган долбоорду ишке ашырууда аты аталып келген. 2024-жылдын 7-декабрында ал жергиликтүү маалымат каражаттарына Өзгөн айланма жолун куруу долбоорунан чыкканын билдирген. Ал бул чечимин атасы Камчыбек Ташиевдин өтүнүчү менен кабыл алганын билдирген эле.