Өзгөн айланма жолунда Жазы жана Кара-Дарыяга эки чоң көпүрө курулуп бүткөнү калды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу менен таанышты.

Анда 2024-жылдын январь айында башталган бул жолдун курулушу пландан алдыда экени маалымдалды. Учурда Жазы дарыясындагы 77,25 метр жана Кара-Дарыя дарыясындагы 197,45 метрди түзгөн 2 чоң көпүрөнүн курулуш иштери бүткөнү калды. Ал эми жалпы узундугу 13,491 чакырым болгон жолдун калган участкаларында да иш активдүү жүргүзүлүп жатат. МинКаб башчысы 300 адам жана 92 техника иштеп жаткан айланма жолдун бардык тилкелериндеги курулуш иштери менен жеринде таанышып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Андан соң Акылбек Жапаров Араван районундагы Көмүр брикет иштеп чыгаруучу заводдун иши менен таанышты. 143,1 млн сомго курулуп бүткөн заводдо учурда 15 адам иш менен камсыз болгон. Кубаттуулук жылына 130 миң тоннаны түзөт.