Өзгөн акими: «Айыл өкмөт башчысы эч кимди тепкен жок, провокация болуп кетти»

Айыл өкмөт башчысы Эржигит Пасанов жергиликтүү тургундардын бирөөсүн тээп жиберди деген мааалымат чындыкка жатпайт. Бул туурасында Сереп Медиага Өзгөн районунун акими Руслан Мейматкулов билдирди.

Бүгүн, 23-апрелде өзгөндүктөр Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга берилишине каршы болуп, нааразычылык акциясын уюштурушкан. Алар суу сактагычтын жанына боз үй тигип, мурунку келишимди кайтармайын, кетпей тургандыктарын айтышкан. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жерине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Өзгөн районунун акими, райондук милиция жетекчилиги барган.

Turmush агенттиги чогулган эл арасында жаңжал чыгып кеткенин жазып, жеринен тасма илди. Анда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Эржигит Пасанов тургандардын бирөөсүн тээп салганы айтылат.

Сереп Медиа окуянын чоо-жайын билүү үчүн Өзгөн районунун акими Руслан Мейматкулов менен байланышканда, ал муну төгүндөдү.

«Айыл өкмөт башчысынын жанында мен турдум го. Эч кимди тепкен жок. Келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн дешкенинен барып, эки саат ошол жакта болдук. Өздөрүнчө бирдеме болуп кетишти, кыязы провокация кылалы дешти окшойт. 500дөй адам чогулду дегени туура эмес. Көп болсо, жүздүн тегереги. Мен азыр өзүм протоколго баарын түшүрүп жатам. Элдер депутаттар келсин, аттуу-баштуу адамдар келсин деген талапты коюшту», — деди ал.

Ал эми Ош облустук милициянын басма сөз кызматы бул чатактан кабары жок экенин билдиришти.