Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолу капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 29-августта капиталдык оңдоодон өткөн “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолун ачты жана буга катар онлайн форматта Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча 60тан ашуун өндүрүш ишканаларын ишке киргизди.

Мамлекет башчы өз сөзүндө стратегиялык маанидеги жолдорду, эл аралык коридорлорду, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду салуу максаты коюлганын белгиледи. “Буга чейин жолдорубуз насыяга, чет элдик компаниялардын жардамы менен салынып келсе, эми жолдордун дээрлик 80 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен, ата мекендик ишканалар тарабынан курула баштады”, — деди ал.

Президент өлкөбүздүн аймагында көптөгөн жолдор өз милдетин эчак эле ашыкча аткарып, эми жедеп жыртылып, жамап-жаскоого да жарабай калганын ырастады. Өлкɵ ичинде автоунаалардын саны арбыган сайын эски жолдорубуз таптакыр жараксыз болуп калган. “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолу дагы мына ошондой жолдордун бири эле. Ал биринчи кезекте, облустун райондор аралык жол каттамдарындагы кыйынчылыктарын четтетүү, ошол эле маалда облустун социалдык-экономикалык байланыштарын арттыруу милдети коюлганына басым жасады. Жолдордун инфратүзүмүн жакшыртуу максатында өлкөнү Турукташтыруу фондунан “Ош – Баткен – Раззаков” жолунун “Ноокат – Кызыл-Кыя” бөлүгүнө жана “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолуна кошумча 4 миллиард сом бөлүү чечими кабыл алынган. Натыйжада “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолу бүгүн расмий түрдө колдонууга берилип олтурат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров “Ош – Кара-Суу” жолун оңдоо колго алынганын, кийинки жылы “Кара-Кулжа – Алай” райондорун бириктирген жол каттамына көңүл буруларын кошумчалады.

Ал бүгүнкү күндө бул “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолунун 34 чакырымы капиталдык оңдоодон өтүп, заман талабына ылайык жол салынганын белгиледи. 4 айдын ичинде жол толугу менен оңдолуп-түзөлүп, элибиздин колдонуусуна берилген. Мындан тышкары Президент өлкөбүздүн бир катар аймактарында 67 жаңы өндүрүш ишканаларын онлайн форматта ачты. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жалпы инвестициянын көлөмү 222,5 миллион АКШ долларын түздү, анын 92,5% ички инвестицияларга жана 7,5% тышкы инвестицияларга туура келет. Натыйжада беш минден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлөт. Атап айтканда, жалпы объекттердин ичинен 11 мамлекеттик ишкана жана 56 жеке ишкана болуп саналат.