Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа жолун оңдоо иштерин бүтүрүү 2025-жылдын аягына чейин пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа эл аралык маанидеги автоунаа жолун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун оңдолуучу бѳлүгүнүн узундугу 34 чакырым, ал 3 бөлүктөн турат. Ошондой эле, узундугу 31, 102 чакырымды түзгөн 2 даана көпүрө бар. Бүткөрүү мезгили 2025-жылдын аягына чейин пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 2,2 миллиард сом. Учурда тротуарларды куруу, асфальт-бетон төшөө,  лотокторду орнотуу сыяктуу бир катар иштер уланууда. Пландалган жумуштардын 90-95 пайызы жыйынтыкталды.

Капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан МинКаб төрагасы курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана өз убагында бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.