Өзгөн районунда косметикалык каражаттар чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов май чыгаруучу ишканага барган учурунда маалым болду.
Азыркы учурда ишканада бир күндө 5-10 тонна май чыгарылат. Өндүрүлгөн май продукциясы район элин, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын камсыздап келүүдө. Облус башчысы Салам-Алик айылынын жаңгагын иштетип, май жана косметикалык каражат чыгарып, ишкананын продукциясын кеңейтүү сунушун айтты.