Өзгөн районунда косметикалык каражаттар чыгарыла баштайт

Өзгөн районунда косметикалык каражаттар чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Өкмөттүн  Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов май чыгаруучу ишканага барган учурунда маалым болду.

Азыркы учурда ишканада бир күндө 5-10 тонна май чыгарылат. Өндүрүлгөн май продукциясы район элин, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын камсыздап келүүдө. Облус башчысы Салам-Алик айылынын жаңгагын иштетип, май жана косметикалык каражат чыгарып, ишкананын продукциясын кеңейтүү сунушун айтты.