Өзгөн районунун 15 Жаш айылында мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөн районунун 15 Жаш айылындагы 150 орундуу орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Акылбек Жапаровдун айтымында, 150 түтүн  жашаган бул кичинекей айылга, борбор калаадагыдай бардык заманбап шарттары менен мектеп курулду. “Ысык-муздак суусу ашканада, спорт залдын жанындагы душта да чыгат жана ашканасында муздаткыч, заманбап мештер орнотулду. Эми концерт койгон чоң залыңар бар. Парталар жаңы, баары комплект болду”, — деди ал.

2023-2024-жылдары Кыргызстан боюнча  205 мектеп курулуп, жылдын аягына чейин анын 111 мектептин имараты бүткөрүлүп пайдаланууга берилээрин кошумчалаган Акылбек Жапаров  өлкөдө болуп жаткан мындай жакшы саамалыктар туурасында: “Президент элди ынтымакка, кечиримдүүлүккө чакырууда. Ушундай президентти канча күттүк, эми колдоп-коргоп алууга аракет кылалы. Мамлекетке кирген ар бир тыйын кайра эле элге жумшалат: Пенсия, жөлөк пул, айлыктарды жыл сайын көтөрсөк деген ойлорубуз бар”, — деди Акылбек Жапаров.

Мектепти курууга республикалык бюджеттен 75 миллион сом жумшалды.