Өзгөн шаарын айланып өтүүчү 14 чакырым жолдун курулуш долбоору 800 миллион сомду түзөт

Кечээ, 26-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун курулуш долбоору менен таанышты.

Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу өткөн Бишкек-Ош жолунда күнүнө оор жүк ташуучу жана транзиттик унааларды кошкондо 35 миңге жакын унаа агылып өтүп, натыйжада шаар ичинде жол тыгындары жаралып, калаа тургундарына ыңгайсыздык жаралууда. Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Өзгөн шаарын айланып өтүүчү 14 чакырым жолдун курулуш долбоору иштелип чыгууда. Аталган долбоордун алдын ала наркы 800 миллион сомду түзөт.