Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолу аяктоо алдында турат (видео)

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөн районуна иш сапар менен барып, анын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолу менен таанышып, жакында ачылууга көрүлүп жаткан даярдыктарды көрүп чыкты.
Аталган жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метр. Анын ичинде 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Бүгүнкү күндө жол менен көпүрөнүн курулушу толук аяктаган. Учурда жолдун четинде коопсуздук тосмолорду орнотуу, жана төлөм пунктун түзүү иштери кызуу жүрүп, аяктоо алдында турат. Жаңы жол пайдалууга берилсе, Бишкек-Ош каттамындагы айдоочулар Өзгөн шаарына кирбей, айланма жол аркылуу каттап тыгын бир топ азаят жана жол коопсуздугу жакшырат.