Өзгөн шаарынын айланасына айланма жол курулат. Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма унаа жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Азыркы учурда Бишкек-Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу Өзгөн шаарынын айланасында айланма унаа жолун куруу зарылдыгы келип чыккан.

Токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын жол инфраструктурасын өркүндөтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автомобиль жолдорун куруу жана тейлөө эң маанилүү багыт болуп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзсүн жана Министрлер кабинетинин кароосуна киргизсин.

3. Министрлер кабинети 2024-жылдын 30-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.