Жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси Өзгөн мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөнүн аныктаган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Өзгөн шаарынын мурдагы мэри тарабынан мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы боюнча иш козголду. Ошол эле учурда соттук териштирүүдө Ош облустук соту 1,08 гектар жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чечим чыгарды.
Учурда аталган жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.
Буга чейин социалдык тармактарда окуучуну сабак учурунда уруп жаткан мугалимдин видеосу тараган. Маалыматтарга караганда, видео тарых сабагы учурунда Ош облусунун...
Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ноокатта мугалим окуучуну зордуктаганын айтып чыккан. Бул боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти. "Бул факты...
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чоң-Арык айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат 15:24тө Ленин райондук №28 өрт-куткаруу...
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Чолпон-Ата шаарындагы №44 мекеменин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Министрлер кабинетине караштуу...
Панфилов сейил багындагы окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 31-март күнү Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан...