Өзгөндө 8 жашар кыздын өз жанын кыюусуна тасма таасир эткенби? Окуянын чоо-жайы маалым болду

Өзгөндө асылган абалда жансыз денеси табылган 8 жашар кызга байланыштуу окуянын чоо-жайы маалым болду. Мындай жаштагы баланын өз жанын кыюусу каттала электигине байланыштуу тыкыр текшерүү иштери башталганы буга чейин айтылган эле.

27-ноябрда түшкү саат 3төр чамасында Жылалды округуна кирген Макаренко айылынын тургуну асылган абалда табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери 8 жашар кыздын ошол күнкү түшкү саат 2нин тегерегинде чөп жыйылган сарайдын чатырында өз жанын кыйганын аныктаган. “Маркум кыз 3-класста окуган, каза болгон күнү онлайн-сабакка катышкан эмес. Бирок жакшы бааларды алып жүргөн окуучулардын бири болгон. Кыздын апасы мугалим болуп иштейт, ал күнү мектепке кеткен. Ал эми маркум кыз үйдө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калган. Чоң атасы жана атасы жума намазга кеткен” деп айтылат милиция кызматынын маалыматында. Жеткинчектин жакындары кыздын мындай кадамга баруусуна өз жанын кыйгандар тууралуу тасмаларды көп көргөндүгү таасир кылышы мүмкүн дешкен. Ал күнү да тасмадагы эпизодду туурап көргүсү келип, окуучу сыйыртмакты кайра чыгара албай калса керек деп айтып беришкен.

Милиция кызматы ата-энелерден балдарды кароосуз калтырбоону суранат.