Өзгөндө бийиктиги 3,6 метр болгон Манастын эстелиги ачылды

default

Бүгүн, 10-февраль күнү Өзгөн шаарынын борбордук аянтында Манастын айкели ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан Манастын эстелигин жана анын жайгашкан жерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштерине Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн. Айкелдин бийиктиги 3 метр 65 сантиметр, туурасы 1 метр 60 сантиметр.

«Байыртадан Улуу жибек жолунун чордону болгон Өзгөн жергесинде Манас атабыздын айкелинин ачылышы элибизди мындан ары да мекенчилдикке, бийиктиктерге үндөгөн чакырык болот. Эгемен өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин ынтымагын, биримдигин сактоо биздин башкы милдетибиз болуп эсептелет”, — деди облус жетекчиси Эльчибек Джантаев.