Өзгөндө эки митинг өттү

Бүгүн, 24-октябрда Өзгөн районунда эки митинг өттү. Бири Кызыл-Октябрь айылында, экинчиси Өзгөн шаарында райондук администрациянын алдында өткөн.

Кызыл-Октябрь айылында өткөн митингде тургундар депутаттарга кайрылып, Кемпир-Абад маселеси боюнча туура чечим кабыл алышарын айткан. Ал эми райондук администрациянын алдына мамлекетке туруктуулук керектигин айткан жарандар чогулушкан.