Өзгөн районунун Куршаб айылында УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун тарапташтары тынчтык митингине чыгышты.
Чогулгандар аны үй камагына чыгарууну талап кылышууда.
8-февралда кечинде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду кармап кетишкен. Ал эми 9-февралда УКМК маалымат таратып, ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жатканын билдиришкен. Кийинчерээк Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алган.