Өзгөндө камакка алынган Мирлан Ураимовдун тарапташтары митингге чыгышты

Өзгөн районунун Куршаб айылында УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун тарапташтары тынчтык митингине чыгышты.

Чогулгандар аны үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

8-февралда кечинде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду кармап кетишкен. Ал эми 9-февралда УКМК маалымат таратып, ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жатканын билдиришкен. Кийинчерээк Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алган.