Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы мөөнөтсүз акция башталды

Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болгон Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 22-апрелде да нааразылык билдирип, топтолгон жерине үч боз үй тигип, мөөнөтсүз акция башташты.

Алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен  жер алмашууга кол коюлган жокко чыгарууну талап кылышууда.

«Урматтуу, Камчыбек Ташиев сиз патриот адам элеңиз. Эмне болду сизге? Биз түшүнбөй калдык. Сиздин бийликке келгиче «мамлекеттин бир да сантиметр жери башка өлкөгө кетпейт» деп айткан сөзүңүз бар эле. Караңызчы 5500 гектар жер Өзбекстанга белекке берилип жатат. Бул жерди өзбек тарапка берүүгө эмне мажбурлап жатат», — деп нааразы болушту алар.

Буга чейин да Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанына чогулушуп, боз үй тигишкен эле. Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.