Өзгөн районуна жаңы 380 орундуу оорукана курууга 1 миллиард 350 миллион сом бөлүнүп, иш башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
«Бүгүнкү күндө Өзгөн районунун калкы 290 миңден ашып, жыл сайын өсүүдө. Калктын санынын көбөйүшү менен медициналык кызматка болгон муктаждык да артууда. Ушул маселени чечүү максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги жалпы баасы 1 миллиард 350 миллион сомду түзгөн, 380 орундуу заманбап оорукана куруу долбоорун иштеп чыккан. Оорукана курулушуна керектүү каражат 2025-жылга карата Турукташтыруу фондунан бөлүнмөкчү.
Жаңы оорукана президенттин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан курулат. Бул долбоор Өзгөн районунун тургундарына сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, аймактын социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот», — деп айтылат маалыматта.