Өзгөндө өткөн аламан улактан тартылган сүрөт жер кезер фотографтардын сынагын багынтты

Эл аралык «Travel Photographer of the Year — 2021» сүрөттөр сынагында аламан улак ойноп жаткан кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн сүрөтү жеңүүчү аталды. Тагыраагы ал кадр сынактын «Портфолиодогу эң мыкты жалгыз сүрөт» наамын утуп алды. Бул тууралуу сынактын сайтында жазылды.

Сүрөттүн автору бельгиялык фотограф Алан Шредер. Анын айтымында, сынакты багынткан кадр 2021-жылы Өзгөндө тартылган. Аламан улакты уулунун урматына жергиликтүү тургун өткөргөнүн билдирген. Сүрөттө 200дөй көк бөрүчүнүн аламан улакка түшкөнү чагылдырылган. Фотографтын дагы башка сүрөттөрүн көргүңүз келсе, анын Инстаграмдагы баракчасына баш баксаңыз болот.

Сынактын калысы жеңүүчүгө карата мындай комментарий берген: «Адамзаттын атаандашуусунун бул айланмасына карата көз караш жердин деңгээлинен тартылса, анда окуя мынчалык көзгө урунарлык болмок эмес. Көздү кайсы жакка чаптырба, бир нерсе болуп жатат жана көзүң ар кайсы жакты карап, майда-чүйдөнү иликтеп жаткан болот».

«Travel Photographer of the Year» — жер кезер фотографтардын эң кадыр-барктуу эл аралык сынагы. Жыл сайын бул сынакка дүйнөнүн 100дөй өлкөсүнөн он миңдеген сүрөттөр жөнөтүлөт. Сынактын Лондондо өтүүчү чоң сүрөт көргөзмө менен аяктоосу салтка айланып калган.