Өзгөндө тургундар менен мигранттар акча чогултуп, 10 үй-бүлөгө мал алып беришти

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Красный-Маяк айыл имамынын демилгеси менен масштабдуу кайрымдуулук жасалды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Калктын соцалдык маселелерин чечүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү жана элди кайрымдуулукка үндөө максатында айыл имамы Уларбек Самиев жергиликтүү тургундар жана айылдын мигрант эр-азаматтары менен биргеликте масштабдуу кайрымдуулук иш-чарасын уюштурду. Анын алкагында Красный-Маяк айылынын тургундары тарабынан 86 баш кой, 3 бодо мал жана бир жылкы жыйналып, ошол эле айылдын социалдык абалы начар жана аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө бөлүнүп берилди.