Өзгөндөгү мүрзөнүн жээгин суу алганы жатат. Бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

14-декабрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл аймагынын Бабур айылындагы Бабур каналынын суусу мүрзөнүн жээгин жеп кетүү коркунучун жаратканына байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки экскаватору тартылды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Учурда суу нугун буруу жана жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралар мүрзөнү сактоо жана жергиликтүү тургундар үчүн коркунучтарды алдын алуу максатында ишке ашырылып жатат.