Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Өзгөндө үйдөн чыкканын, анын кесепетинен 3 жашар бала чарчап калганын билдирген. Ошондой эле дагы 3 адам ооруканага жеткирилгени маалымдалган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өрттөн жабыркагандардын абалын билүү үчүн Өзгөн жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директорунун орун басары Гулбаркан Курманкулова менен байланышканыбызда, үйдө чоң энеси 3 небереси менен болгонун айтты.
«Бүгүн эртең менен Өзгөн шаарынын 55 жаштагы тургуну денесинин 60 пайызы күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн. Учурда реанимацияда, абалы дале оор. Эки небересин туугандары алып кетти. Ал эми каза болгон 3 жаштагы баланын ата-энеси Орусияда экен, алар жолдо келе жатышыптыр», — деди Гулбаркан Курманкулова.