Өзгөндөн жоголгон өспүрүм кыз Бишкектен табылды

Бүгүн, 20-апрелде Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Жумабек жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүм кыз адашып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, маалыматты тактады.

Адашып жүргөн 2007-жылы туулган кыз экени аныкталды. Ал 12-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, издеп табуу боюнча ички иштер органдарынын өздүк курамына багыттама берилген. Кайгуулчулар кызды туугандарына өткөрүп берүү үчүн Свердлов РИИБге жеткиришти.