Өзгөндүн Шоро-Башат айылынын тургундары «СНОС» делген иш-аракеттер элдин мүлкүнө залакасы тийип жатканын айтышты

«Ишеним» фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Өзгөн районундагы Төрт-Көл, Ийри-Суу жана Жазы айыл аймактарына барып, тургундар менен жолугушууларды өткөрдү. Эл өкүлү алгач Төрт-Көл айыл аймагындагы Шоро-Башат айылынын тургундары менен жолугуп, аймактагы социалдык-экономикалык маселелер, жазгы талаа иштерине болгон даярдыктар жана социалдык объектилердин абалы тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анда жергиликтүүлөр эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири катары мыйзамсыз курулуштардын бузулушун белгилеп, «СНОС» делген иш-аракеттер карапайым элдин мүлкүнө залакасы тийип жатканын айтышты. Аталган маселе боюнча кеңири түшүндүрмө берген депутат: «Республикалык жолдорду камтыган көчөлөрдөгү мыйзамсыз курулуштар бузулууга тийиш. Ал эми мыйзамдуу курулуштардын ээлерине мамлекет тарабынан кенемте төлөнүп, башка аймактан жер тилкесин сатып алууга шарт түзүлөт. Ошондой эле ички жолдордун жээгиндеги үйлөрдү жана курулуштарды бузууда өз билемдикке салган жетекчилер жоопко тартылат. Эч кимдин жеке мүлкү мыйзамсыз тартып алынбашы керек», — деди.

Эл өкүлү бул маселеге байланыштуу Жогорку Кеңеште протоколдук тапшырма берилгенин, керек болсо депутаттык комиссия түзүлөрүн баса белгиледи. Жолугушууда мындан тышкары Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн имаратын жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу кылып, жолдун боюна көчүрүү иши да каралды. Ошондой эле дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 2024-жылы президенттин фондунан Жаман-Адыр участкасына акча бөлүнүп, азыркы учурда жумуштардын биринчи этабы аягына чыкканы айтылды. Иш сапардын андан ары Жылалды айылында уланды. Анда Өзгөн районунун борборундагы стадиондун курулуш иштери 2025-жылдын 1-июнуна чейин аяктап, пайдаланууга берилери белгиленди. Стадион Өзгөн элин спортко кызыктыруучу маанилүү жай болорун айткан эл өкүлү имаратта волейбол, шахмат жана тогуз коргоол аянтчалары ачылып, ар түрдүү таймаштар өтүп турарын кошумчалады.

Жылалды айылында да тургундар жол жээктеги үйлөрдүн бузулуп жатканын ортого салып, бул маселени оң жакка чечип берүүнү өтүнүштү. Ошондой эле Өзгөн райондук ооруканасынын учурдагы абалы сүйлөшүлүп, бул боюнча Министрлер кабинетине кат жолдонгону маалым болду. Депутат Улугбек Ормонов маанилүү делген Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолун оңдоп-түзөө үчүн Турукташтыруу фондунан каражат бөлүнүп, жумуштар жакында башталарын баса белгиледи.