«Өзү кетем десе, жакшы болот». Ташиев депутат Түмөнбаев Көлбаевдин жаназасына барганын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Акылбек Түмөнбаевди Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына барганын айтты.

«Аны эмнеге жазалабайсыңар деп жатат. Акылбек Түмөнбаев эл шайлаган депутат. Эл кайсы депутатты шайласа, биз иштеп жатабыз. Бирок аларды да тазалаганга аракет кылып жатабыз. Түмөнбаевди бүгүн эле иштен кууп жиберчү адам эмес экен. Аны эл шайлаган. Анын ордунда кайсы бир чиновник болгондо, бир саатта жумуштан кетмек. Аны эл чечсин. Өзүнүн уятына коелу. Өзү кетем десе жакшы болот, иштейм десе өзү билсин. Бирок Түмөнбаевдин Көлбаев менен байланышы чыга элек. Чыккан күнү кылмыш иши козголот. Маалымат болсо бергиле», — деди ал.